









ӨНӨКТӨШТҮК КЕЛИШИМИ
(мындан ары "КЕЛИШИМ")
Жалпы аныктамалар
Компания — ушул Өнөктөштүк программасын уюштуруп, Бренддин ээси болгон жеке жак же жеке жактардын тобу.
MelBet бренди.
Компаниянын ресурстары — букмекер кызматтарын көрсөтүү үчүн колдонулган Компаниянын веб-сайттары менен мобилдик колдонмолору.
Компаниянын кызматтары — Компаниянын ресурстарында колдонуучуларга сунушталган кызмат же кызматтардын топтому.
Өнөктөштүк программасы — Компания менен Өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык. Аталган Программанын алкагында Өнөктөштөр өз Ресурстарында Компаниянын ресурстарына Жаңы колдонуучуларды тартуу үчүн Компаниянын кызматтарын жарнамалап, Комиссия алышат.
Өнөктөш — Өнөктөштүк программасынын шарттарын аткарган веб-чебер (жеке же юридикалык жак).
Өнөктөштүн аккаунту — Өнөктөштүк программасындагы Өнөктөштүн жеке аккаунту.
Жаңы колдонуучулар — буга чейин Компаниянын ресурстарында аккаунтун каттай элек, Өнөктөштүк программасынын алкагында Өнөктөш тартып келгенден кийин катталып, эсебин биринчи жолу толуктаган колдонуучулар.
Рефералдык шилтеме – Өнөктөштүн уникалдуу идентификатору менен коштолгон Компаниянын ресурстарына шилтеме.
Комиссия – Өнөктөш тартып келген Жаңы колдонуучулардан түшкөн кирешенин алдын ала макулдашылган пайызы түрүндө ошол Өнөктөшкө төлөнгөн акчалай сыйлык.
Төлөм – Өнөктөштүк программасындагы Өнөктөштүн ички эсебинен тышкы төлөм системасындагы эсебине которулган Комиссия.
Жарнамалык материалдар – Компаниянын кызматтарын жайылтуу үчүн колдонулган текст, графика, аудио жана видео сыяктуу жарнамалык материалдар.
Шылуундук трафиги — Өнөктөштүн Өнөктөштүк программасынын алкагында трафикти мыйзамсыз түзүп Комиссия алууну көздөгөн же Компаниянын ою боюнча кыянат жана/же чындап зыян келтирип келтирбегенине карабастан, Компанияны алдагысы келген аракеттери. Шылуундук трафигине уурдалган насыя же дебет карталары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар; чарджбэктер; тийиштүү тараптар менен көмүскө келишүү; Өнөктөштүк программасын, бонустарды же башка сыйлоо системаларын манипуляциялоо; Комиссия алуу үчүн жасалма аккаунттарды түзүү; чочун аккаунттарды колдонуу; таза эмес тышкы факторлор менен таасирлерди колдонуу (алдоо сыяктуу); Компаниянын кызматтарын мыйзамсыз колдонуу, ошондой эле жана муну менен чектелбестен, программанын талылуу жерлерин өз кызыкчылыгында пайдалануу; Компаниянын Ресурстарын колдонуп жатып, жүргөн жерин же түзмөктүн идентификациялык маалыматын жашыруу же өзгөртүү максатында VPN'ди же прокси-серверлерди колдонуу; ошондой эле шылуундук же башка кылмыш иштеринде катышуу сыяктуу иштер кирип жана булар менен чектелбейт.
Макулдашуунун шарттары
1. Негизги жоболор
1.1. Өнөктөш Компания менен кызматташып баштаганга чейин Өнөктөштүк программасынын шарттары менен таанышып чыгып, кабыл алышы керек.
1.2. Өнөктөштүк программасына катталуу менен, Өнөктөш төмөнкүлөргө кепилдик берет:
- жеке жак болсо, толук жөндөмдүү экенине жана өзү жашаган жерде эрезеге жеткенине;
- юридикалык жак болсо, укукка жана милдетке толук жөндөмдүү экенине жана учурда колдонулуудагы мыйзамдар боюнча каттоодон өткөнүнө, ошондой эле ушул Макулдашууну түзүү жана аткаруу үчүн талап кылынган корпоративдик ыйгарым укуктары бар экенине. Өнөктөштүн ушул пунктту аткарбаганы үчүн Компания үчүнчү тараптардын алдында жооптуу эмес. Өнөктөш ушул кепилдикти бузса, Компания ага эч нерсе төлөбөй туруп, кызматташтыкты токтотууга укугу бар.
1.3. Өнөктөш жеке маалыматтарынын, ошондой эле логин менен сырсөзүнүн коопсуз сакталышына жеке өзү жооптуу. Өнөктөштүн кандай гана жеке маалыматы жоголбосун жана\же үчүнчү тараптарга берилбесин, Компания аларга жооптуу эмес.
1.4. Өнөктөштүк программасынын шарттары боюнча Компания себебин түшүндүрбөстөн каалаган Өнөктөш менен кызматташтыкты токтотууга укуктуу.
1.5 Компания Өнөктөшкө алдын ала эскертүүсүз ушул Келишимди өзгөртүүгө, толуктоого же кайра карап чыгуу укугун жеке өзүнө калтырат. Кандай гана түзөтүү же толуктоо болбосун, Компаниянын ресурстарына жарыяланары менен күчүнө кирет. Компания мындай өзгөрүүлөр тууралуу Өнөктөшкө кабарлай алат, бирок кабарлаганга милдеттүү эмес. Өнөктөш ушул Макулдашуудагы жана Өнөктөштүн ресурстарындагы өзгөрүүлөрдү такай өзү текшерип турганга милдеттүү. Өзгөрүүлөр жарыялангандан кийин деле Өнөктөштүк программасына катыша берген Өнөктөш Келишимдин жаңы версиясын кабыл алган болот. Келишимдин учурда колдонулуудагы версиясы Өнөктөштүк программасынын вебсайтында жарыяланат.
1.6. Өнөктөш Өнөктөштүк программасына бир гана жолу каттала алат. Кайра катталууга, ошондой эле субаффилиат катарында, катуу тыюу салынат.
2. Жарнамалык материалдарды жайгаштыруу
2.1. Тараптардын Өнөктөштүк программасынын алкагында кызматташуусунда Өнөктөштүн ресурстарында Жарнамалык материалдарды жайгаштыруу иши да каралган.
2.2. Компания менен иштешүүнүн алкагында Жарнамалык материалдарды жайгаштырып, жайылткан Өнөктөш учурда колдонулуудагы бардык мыйзамдарды, укук-ченемдик талаптарды жана этикалык стандарттарды сактоого, ошондой эле Компания уруксат берген Жарнамалык материалдарды гана колдонууга милдеттенет.
2.3. Эгер Жарнамалык материалдарды Өнөктөш өзү иштеп чыга турган болсо, аларды жарыялоодон мурун Компаниядан жазуу жүзүндө уруксат алышы керек.
2.4. Өнөктөш Жарнамалык материалдарды өз маалында жаңыртып турганга милдеттүү.
Төмөнкүдөй Жарнамалык материалдарды жарыялаганга болбойт:
– промоакциялардын, бонустардын жана өзгөчө сунуштардын шарттары туура эмес көрсөтүлсө;
– эскирип калган креативдер камтылса;
– Компаниянын эски логотиби камтылса;
– Компаниянын аталышы камтылса же ал атаандаштардын вебсайттарына шилтемелер менен коштолсо.
Компания эски Жарнамалык материалдарды жайгаштырган Өнөктөштүн аккаунтун бөгөттөөгө укуктуу.
2.5. Өнөктөш Жарнамалык материалдар, жарыяланып жаткан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жарыяланарына кепилдик берип, укук коргоочу органдардын же үчүнчү тараптардын дооматтарын жайгарганга милдеттенет.
Өнөктөштүн ресурстарындагы Жарнамалык материалдар ушул Келишимдин шарттарын бузган болсо, Өнөктөшкө эскертүү берилип, Өнөктөш мындай материалдарды 5 (беш) иш күнүнүн ичинде алмаштырышы керек болот.
Эгер Өнөктөш Компаниянын талабы менен Жарнамалык материалдарды жаңыртпаса, Компания Жарнамалык материалдар жаңырмайынча Өнөктөшкө акча төлөбөй койгонго укуктуу.
Эгер Өнөктөш Келишимди улам-улам бузса, Компания ага Комиссия төлөбөстөн кызматташууну токтотууга укуктуу.
3. Өнөктөштүн ресурстары
3.1. Катталып жатып Өнөктөш Өнөктөштүк программасынын алкагында Компания колдоно турган Өнөктөштүн ресурстары тууралуу толук маалымат бергенге милдеттүү.
3.2. Өнөктөш Өнөктөштүн ресурстарынын же Жарнамалык материалдар жайгашкан ресурстардын иштешине жана алардын мазмунуна толугу менен жалгыз өзү жооптуу.
3.3. Өнөктөш Ресурсунун (-тарынын) учурда колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык иштешине кепилдик берип, ресурстарына жалаа жапкан, курактык жактан чектелген, мыйзамсыз, кесепеттүү, коркутуп-үркүтүүчү, орунсуз, расалык же этностук белгилер боюнча бөлүп-жарган же кандайдыр бир башка мүнөздө жагымсыз же кодулап басмырлоочу, мажбурлоочу, саясий жактан астейдил мамилени талап кылган же Компаниянын укуктарын же үчүнчү тараптардын укуктарын кандайдыр бир жолдор менен бузган же карама-каршы келген материалдарды жарыялоого тыюу салынат.
3.4. Өнөктөш өзүнүн Ресурстарынын мазмунуна, жасалгаланышына, иштешине жана башка мүнөздөмөлөрүнө толугу менен өзү жооп берет. Компания Өнөктөштүн ресурстарына алдын ала да, кийинчерээк да көз салганга, текшергенге же ырастаганга милдеттүү эмес. Эгер кызматташуунун каалаган этабында Өнөктөштүн ресурстары ушул Келишимдин жана/же тийиштүү мыйзамдын талаптарына жооп бербей калса, ушул Келишимдин 9.1. пунктунда каралган чаралардын колдонулушуна негиз болушу мүмкүн.
4. Интеллектуалдык менчик
4.1. Ушул Макулдашуудагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн талап кылынган көлөмдө Өнөктөш ушул Келишимдин мөөнөтү бою Компаниянын соода белгилерин, логотиптерин жана башка интеллектуалдык менчигин ушул Келишимди аткаруу максатында акысыз, өзгөчө эмес уруксаттама боюнча пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул уруксаттама Өнөктөшкө Компаниянын интеллектуалдык менчигине менчик укугун бербейт жана Компания интеллектуалдык менчикке толук укугун сактап калат.
4.2. Эгер ушул Келишимдин алкагында Компания менен кызматташкан Өнөктөш Компания үчүн Жарнамалык материалдарды иштеп чыкса, мындай Жарнамалык материалдарга болгон интеллектуалдык менчик укугу алар түзүлөрү менен Компанияга өткөрүлүп берилет. Өнөктөшкө төлөнүүчү Комиссияда Жарнамалык материалдарды иштеп чыгуу акысы да, бул материалдарга болгон бардык интеллектуалдык менчик укуктарын өткөрүп берүү акысы да камтылат.
4.3. Өнөктөш Компаниянын Ресурстарынын жана Брендин, ошондой эле Компанияга катталган соода белгилери жана башка интеллектуалдык менчик камтылган веб-сайттардын тышкы көрүнүшүн толук же жарым-жартылай көчүрбөгөнгө милдеттенет.
4.4. Өнөктөштүн Ресурстарын түздөн-түз Компания же Бренд башкаргандай жалган сезим жаратпашы керек.
4.5. Өнөктөш Компаниянын логотибин, графикаларын же маркетинг материалдарын анын өкүлдөрүнүн уруксатысыз пайдалана албайт, Өнөктөштүк программасынын алкагында Компания өзү берген Жарнамалык материалдардан тышкары.
4.6. Өнөктөш Брендди же башка менен оңой чаташтырылышы мүмкүн болгон Брендге окшош аталышты же Компанияга тийиштүү башка бренддердин аталыштарын Өнөктөштүн вебсайтынын, ички беттеринин же мобилдик колдонмолордун дарегинин (доменинин) кайсы бир бөлүгүндө каттабашы же колдонбошу керек. Тактап айтканда, Компанияга тийиштүү соода белгисин толугу менен же жарым-жартылай камтыган же көрсөтүлгөн соода белгиси менен чаташтырылышы мүмкүн болгон аталыштарды. Башка учурларда Өнөктөш Компаниянын чаташтыруу ыктымалдыгын аныктоо укугун тааныйт.
4.7. Өнөктөш издөө системаларында, порталдарда, жарнамалык кызматтарда же башка издөө/маалымат берүү кызматтарында Бренддин, Компанияга тийиштүү соода белгилеринин же Компанияга таандык башка бренддин так өзүндөй же ага окшош ачкыч сөздөрдү, изделген нерселерди, мета-тегдерди же башка идентификаторлорду сатып алууга/каттоого/колдонууга укугу жок.
4.8. Өнөктөш Facebook, Twitter сыяктуу соцтармактарда Компанияга тийиштүү беттер же топтор деп жаңылыш кабыл алынышы мүмкүн болгон беттерди жана/же топторду түзүүгө укугу жок.
Өнөктөш Брендге жана/же Компанияга таандык колдонмолор же вебсайттар деп жаңылыш кабыл алынышы мүмкүн болгон мобилдик, веб колдонмолорду же вебсайттарды түзбөйм жана жайылтпайм деп макул болот.
4.9. Ушул Келишимдин 4.1-4.8 параграфтары бузулса, Компания кызматташуу шарттарын кайра карап чыгуу укугун өзүнө калтырат.
5. Тыюу салынган иш-аракеттер
5.1. Өнөктөш өзүнүн атынан иш алып барып, Компаниянын администрациясынын, жетекчилеринин же башка иштегендердин жана Өнөктөштүк программасынын атынан Жарнамалык материалдарды жарыялабаганга же жайылтпаганга милдеттенет.
5.2. Өнөктөш болочок кардарларга Өнөктөш менен Компаниянын ортосунда вебсайтты же вебсайттарды жайылтууда теңтайлашууну шартташы мүмкүн болгондой кайрылбашы керек.
5.3. Жарнамалык материалдарды төмөнкүдөй форматтарда жарыялоого же жайылтууга болбойт:
- Спам б.а. алуучулардын алдын ала макулдугусуз керексиз электрондук каттарды жапырт жайылтууга;
- Компаниянын Брендине тийиштүү контексттик жарнамаларды;
- Сlickunders (кликандерлер) б.а. колдонуучу чыкылдатары менен серепчинин бетинде колдонуучунун макулдугусуз жаңы жарнамалык өтмөк же терезе ачылган онлайн жарнамаларды;
- Popunders (попандерлер) б.а. серепчиде ачылып турган терезенин аркасында, колдонуучунун ишине жолтоо болбой пайда болгон жарнамалык терезелерди. Алар экранда кол менен жапмайынча тура берет.
5.4. Өнөктөш Жаңы колдонуучуга катталганы, эсебин толуктаганы же башка аракеттери үчүн Компаниянын жазуу жүзүндөгү уруксатын албай туруп сыйлык (каржылык же башка) сунуштабайм же бербейм деп макул болот, Өнөктөштүк программасынын алкагында кээде сунуштап калган стандарттуу жарнамалык программалардан тышкары.
5.5. Өнөктөшкө Компаниянын Ресурстарында жеке кардар эсебин каттоо үчүн Рефералдык шилтемени колдонууга, ошондой эле башка кызыкдар тараптар менен көмүскө бүтүмдөргө барганга тыюу салынат.
5.6. Өнөктөшкө куки-файлдарды "топтоо" (cookie stuffing) тактикасын колдонууга тыюу салынат, тактап айтканда:
- нөл өлчөмдүү тараптардын iframe'де же көрүнбөгөн аймакта Компаниянын Ресурстарын ачууга;
- Комиссия алуу үчүн тегдер, куки-файлдардын скриптери сыяктуу нерселерди колдонууга.
5.7. Фрод трафигин (Fraudulent Traffic) колдонууга катуу тыюу салынат. Фрод трафигин тартып келген аракеттердин баары ушул Келишимдин шарттарын бузду деп эсептелип, ушул Келишимдин 7.4-пунктунда каралган кесепеттерге алып келет.
5.8. Ушул Келишимдин 5.1 – 5.7-пункттары бузулган учурда, Компания өнөктөштүк аккаунтун жабууга чейин кызматташуу шарттарын кайра карап чыгуу укугун өзүнө калтырат.
6. Купуя маалымат
6.1. Ушул Келишимдин мөөнөтү бою Өнөктөшкө Компаниянын ишине, операцияларына, технологияларына жана Өнөктөштүк Программасына байланыштуу (Өнөктөштүк программасынын алкагында берилүүчү Комиссия жана башка төлөмдөр) купуя маалыматтар берилиши мүмкүн.
6.2. Өнөктөш Компаниянын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тараптарга купуя маалыматты ачыктабайм же бербейм деп милдеттенет. Өнөктөш купуя маалыматты ушул Келишимдин максаттарын орундатуу үчүн гана колдонууга тийиш. Өнөктөштүн купуя маалымат боюнча милдеттери ушул Макулдашуу күчүн жоготкондон кийин деле сакталып кала берет.
6.3. Ушул Келишимдин 6.1 же 6.2 пункттары бузулса, Компания Өнөктөш менен Келишимди токтотуп, купуя маалыматтын корголушун жөнгө салган тийиштүү мыйзамдарга ылайык айыпка жыкканга укуктуу.
7. Комиссия
7.1. Өнөктөштүн Комиссиясынын суммасы так эмес. Ал Өнөктөштүн Рефералдык шилтемеси аркылуу катталган Жаңы колдонуучулардан көрүлгөн кирешеге жана трафиктин сапатына жараша болот.
7.2. Өнөктөштүк программасына катталган учурдан тарта ар бир Өнөктөш 3 (үч) календардык айдын ичинде жүгүртүмдү жогорулатуу максатында тартып келген Жаңы Колдонуучулардан түшкөн таза кирешенин 20 (жыйырма) пайызына барабар Комиссия алат. Өнөктөштүк программасына катышкан учурдан 3 (үч) календардык ай өткөндөн кийин Комиссиянын өлчөмү Өнөктөш тартып келген Жаңы колдонуучулардан көрүлгөн таза пайданын 15 (он беш) пайызын түзүп калат, тараптар өзүнчө башка өлчөмдү макулдашпаса.
7.3. Эгер Өнөктөш 3 (үч) ай катары менен кеминде 3 (үч) Жаңы колдонуучу тартып келбесе, Компания кызматташуу шарттарын өзгөртүп, Комиссияны азайтып, Өнөктөштүк программасында Өнөктөштүн аккаунтун тындырып же Өнөктөш менен болгон ушул Келишимди бир жактуу токтотуп сала алат.
7.4. Компания каалаган убакта Өнөктөштүн ишиндеги Фрод трафигинин (Fraudulent Traffic) белгилерин текшерүүгө укугу бар. Мындай текшерүүгө 90 календардык күн кетет. Текшерүү учурунда Өнөктөшкө Комиссиялар төлөнбөй турат. Өнөктөштө Фрод трафиги аныкталса, ушул Келишимдин шарттары бузулуп, Комиссия төлөп берүү шарттары кайра каралып, ушул Макулдашуудагы башка кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Шектенүүлөр болбошу үчүн, Фрод трафиги аркылуу алынган бардык кирешелер Өнөктөштүн Комиссиясын эсептөөдө эске алынат. Мындан тышкары, Компания Фрод трафигине байланыштуу жана буга чейин Өнөктөшкө төлөнгөн суммаларды келечектеги Комиссиялардан кармап калат.
8. Комиссия төлөп берүү
8.1. Төмөнкү шарттар аткарылса, Комиссия жумасына бир жолу, шейшемби сайын төлөнүп, мурунку аптанын дүйшөмбүдөн жекшембиге чейинки мезгилин камтыйт:
- Өнөктөш Компаниянын менежери менен Комиссияны төлөө чоо-жайын алдын ала макулдашкан болсо;
- Комиссиянын суммасы эң төмөнкү төлөм өлчөмүнөн жогору болуп ($30.00 (отуз АКШ доллары), Өнөктөш 4 ашуун Жаңы колдонуучуну тартып келсе.
Чыгарыла турган Комиссиянын суммасы ал төлөнө турган учурда толук бүткөн окуялардын негизинде эсептелет. Бүтпөгөн окуялардын Комиссиясы Өнөктөшкө толук бүткөндөн кийин төлөнөт.
Эгер Төлөм шарттары аткарылбаса, Комиссия автоматтык түрдө кийинки мезгилге калат (бардык терс баланс менен кошо).
8.2. Өнөктөштүк программасында күтүүсүз техникалык бузулуулар болуп же ушул Келишимдин шарттарынын аткарылганын тастыктоо үчүн Өнөктөштү же Өнөктөштүн Ресурстарын текшериш керек болсо, Компания Өнөктөшкө төлөнүүчү Төлөмдөрдү токтотуп кое алат.
8.3. Компания Өнөктөш тартып келген Жаңы колдонуучулардан кирешени кайсы акча бирдигинде тапса, Өнөктөштүн Комиссиясын ошол акча бирдигинде эсептеп, төлөп берүүгө жалгыз өзү укуктуу.
9. Тараптардын милдеттери
9.1. Өнөктөш Өнөктөштүн Ресурстарынын иштешине жана алардагы нерселерге толугу менен жалгыз өзү жооп берет. Эгер Өнөктөш ушул Келишимдин шарттарын жана учурда колдонулуудагы мыйзамдарды бузса, Компания Комиссияны, ошондой эле Макулдашуу токтотулган күнгө чейин эсептелген Комиссиялардын баарын төлөбөстөн Келишимди бир тараптуу тартипте токтотконго укуктуу.
9.2. Өнөктөш бардык чыгымдарды, ошондой эле ушул Келишимдин шарттарын бузганы үчүн үчүнчү тараптардын дооматтары менен шартталган сот чыгымдарын да Компанияга төлөп бергенге милдеттүү.
9.3. Компания бардык кыйыр чыгымдарга, ошондой эле ушул Макулдашуу токтотулгандан же Өнөктөштүк программасынын алкагында Компания көргөн аракеттерден улам Өнөктөштүн колдон чыгарып жиберген пайдасына же ишкердик аброюна келтирилген зыянга жооптуу эмес. Компания төмөнкүлөргө жооп бербейт:
– Өнөктөштүн ушул Келишимдин шарттарын бузганы үчүн үчүнчү тараптарга;
– Өнөктөштүн жеке маалыматтарынын жоголушуна жана/же үчүнчү тараптарга өткөрүлүшүнө;
– Өнөктөштүн Ресурстарындагы аракеттерге жана/же Жарнамалык материалдарды жайгаштырууга байланыштуу үчүнчү тараптардын дооматтарына.
9.4 Компания Өнөктөштүк программасына, Жарнамалык материалдарга же Компаниянын ресурстарына эч кандай ачыктан-ачык же болжолдуу кепилдиктерди, ошондой эле белгилүү бир максатка ылайыктуулугуна, коммерциялык сапатына, мыйзамдуулугуна же укуктардын бузулбастыгына кепилдик бербейт. Ошондой эле Компаниянын ресурстары үзгүлтүксүз же мүчүлүштүктөрсүз иштейт деп кепилдик бербейт, демек, алардын ишиндеги бузулуулар же каталар менен шартталган кесепеттерге жооп бербейт.
9.5. Компания Өнөктөштүк программасына катышканы үчүн Өнөктөшкө төлөнүүчү Комиссиянын өлчөмүнө эч кандай кепилдик, ишендирүү же милдеттенмелерди бербейт. Комиссиянын өлчөмү көптөгөн факторлорго жараша болот, тактап айтканда, Өнөктөш тартып келген Жаңы колдонуучулардын активдүүлүгүнө, ошондой эле Өнөктөштүн ушул Келишимдин шарттарынын аткарганына.
9.6. Ушул Макулдашууга тийиштүү кандайдыр бир арыз, доомат же келтирилген зыяндар үчүн Компания төлөп берүүчү эң жогорку сумма ошол арыз/доомат келип түшкөнгө чейин Өнөктөшкө төлөнгөн мурунку айдагы Комиссиянын суммасынан ашпайт.
9.7. Өнөктөш менен Компаниянын ортосунда ушул Макулдашууда айтылган шарттардан чегинүү боюнча оозеки же жазуу жүзүндө кандай гана макулдашуулар болбосун, эки тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапка ылайык жазуу жүзүндө түзүп, кол койгон өзүнчө макулдашуу болгондо гана юридикалык күчкө ээ болот.
10. Талаштарды чечүү эрежелери
10.1. Ушул Макулдашууга байланыштуу келип чыккан кандай гана талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер болбосун, алар сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Талаш-тартыш чыккан учурда, Өнөктөш Өнөктөштүк программасынын вебсайтында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине Өнөктөштүк программасынын Кардарларды тейлөө кызматына (Affiliate Program Support Team) жазуу жүзүндө талаш-тартыш тууралуу толук маалымат берип арыз жөнөтө алат.
10.2. Компания арызды төмөнкү учурларда карабай коюуга укуктуу:
- Өнөктөш эреже бузуу болбогонун далилдей албаса;
- арызда сөгүнгөн сөздөр, күч колдонууга үндөөлөр же жалган айыптоолор болсо. Өнөктөштүн мындай аракеттери ушул Келишимдин шарттарын бузган болуп эсептелет.
10.3. Арыз алынган күндөн тарта 14 (он төрт) иш күнүндө каралат.
10.4. Компания кабыл алган чечим аяккы деп эсептелип, кайра каралбайт. Компания арызды карабай коюуга укуктуу.
Ушул Келишимдин шарттарын Өнөктөш Өнөктөштүк программасына катталган учурдан тарта кабыл алган болот. Өнөктөш Программага катталганга чейин ушул Келишимдин шарттарын кунт коюп окуп чыгууга милдеттүү.
